Биз менен байланышыңыз

Кыргыз ЖОЖдорунун өкүлдөрү Индияда өткөн саммитке катышты

Кыска кабар | 3 Ноя 2018 | 743 | 0

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү Индияда өткөн жогорку билим берүү боюнча саммитинде катышышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара 30-октябрдан 1-ноябрга чейин жогорку билим берүү боюнча «FICCI-2018 Келечектин университеттери” аталышында өттү. Ага дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөлөрүнөн келген кызматкерлер катышкан. Кыргызстандан жогорку окуу жайлардын, академиялардын, ЖОЖдордун бирикмелеринин жана башка уюмдардын өкүлдөрү барды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы билим берүү боюнча көргөзмөнүн 60га жакын катышуучулары менен жолугушту. Анда жогорку окуу жайлардын программалары менен таанышып, медициналык, IT багыттары боюнча кызматташуу маселелерин, студенттеринин академиялык мобилдүүлүгүн талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM