Биз менен байланышыңыз

Отунбаевага эл аралык сыйлык тапшырылат

Кыска кабар | 3 Ноя 2018 | 559 | 0

Мурдагы президент Роза Отунбаевага Search for Common Ground уюму сыйлык тапшырат. Бул тууралуу Отунбаеванын эл аралык коомдук фондунан маалымдашты.

Search for Common Ground — бул тынчтыкты орнотуу боюнча эл аралык ири уюм болуп эсептелет. Аталган мекеме 1-ноябрда дүйнөлүк активисттерди чакырып, сыйлык ыйгарып келет.

Бул жылы XIX сыйлык тапшыруу аземи орун алып, анда жөнгө салынуусу татаал болгон карама-каршылыктарга, кыйноолорго чечим издеген адамдарга артыкчылык берилет.

Сыйлыктын ээлери тынчтыкты орнотуу, демократия, диний сабырдуулук, кыйноолор жана экстремизмге каршы күрөштөгү эмгектерине карап тандалган.

Copyright © 2017 Maral FM