Биз менен байланышыңыз

Кумтөр боюнча келишимди аткаруу мөөнөтү бешинчи жолу жылды

Саясат | 3 Ноя 2018 | 903 | 0

«Кумтөр» боюнча келишимди аткаруу мөөнөтү бешинчи ирээт жылды.  Ал келээрки жылдын 31-январына чейин деп айтылды. “Центерра Голд Инк” компаниясы кыргыз өкмөтү менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн 2-ноябрда аяктады. Ал арада  келишимди аткаруу  2019-жылдын 31-январга чейин жылдырганын жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады. Бирок өкмөт азырынча бул маселе боюнча комментарий беле элек.

Келишимди аткаруу мөөнөтүнүн бешинчи ирээт жылдырылышын Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов азыркы өкмөттүн жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалап жатат. Анткени ошол кездеги өкмөт келишимди жашыруун иштеп чыкканын айтты.

Ал келишимдеги жагдайлар коомчулуктун жана парламенттин көп сынына кабылган. Сапар Исаковдун өкмөтү муну жашыруун кабыл алган. Ошондуктан азыркы өкмөт ал келишимде каралган жагдайларды ишке киргизбей турушат. Центерра тараптан Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген талаптар коюлуп жаткандыктан, 2019-жылга жылышы мүмкүн.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт “Центерра Голд Инк” компаниясы менен бул келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Ага ылайык, канадалык инвесторлор Ысык-Көл облусунун жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү орнотууга 50 млн доллар, Онкология борборуна 10 млн доллар, жаңы геологиялык чалгындоолорго 10 млн доллар, баш-аягы 170 млн АКШ долларын которуу милдетин алган.

Андан бери бир жыл убакыт өткөнү менен Жогорку Кеңештин депутаттары кол коюлган келишим менен дагы тааныша электигин  жана “Центерра” алган милдеттенмелерин аткарбай жатканын айтып келишет. Бул жолу дагы келишимдин бешинчи ирээт узартылганы боюнча парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетке маалымат келген эместигин депутат Экмат Байпакбаев айтууда.

Бул тууралуу менде эч кандай маалымат жок. Биздин комитет караган жокпуз. Өкмөт менен Центерранын ортосунда ачык кандай сүйлөшүү болуп жатканын таптакыр билбейм.

Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан өз доосунан кайра баш тарткан.

Ал эми “Центерра” компаниясы кыргыз тарап менен келишим үзүлө турган болсо, кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражга сотко берерин эскертип келет. Мындай эки анжы турган маселени чечүү жолун Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков сунуш кылды.

Экологияга байланышкан маселелерди сот процессин токтотом деген милдеттемелерди алып жатат. Бул өтө кооптуу маселе. Конституцияга дагы каршы келет. «Макул мен жоопкерчиликти алып чечтим! Биз экология маселелери боюнча бул компанияны мында миллион долларга доого койгон экенбиз. Мен андан көп каражат түшүрдүм»-деген чечимге жетишсе, анда бул чоң жетишкендик болмок. Анда коомчулуктан чоң алкышты алат эле.

Былтыр «Центерра Голд» компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү азайган. Буга канадалык компаниянын Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алганы себеп болгон. Жаңы операциядан кийин Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү 32 пайыздан 26,6 пайызга чейин азайды.

Эскерте кетсек, Кумтөрдө 396тонна алтын бар деп эсептелген.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, орто эсеп менен 17 тоннадай алтын казылып алынган.

 

 

 

 

 

   

Copyright © 2017 Maral FM