Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Мамлекеттик саясат аймактарды өнүктүрчү долбоорлорду колдоо

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 693 | 0

Биздин максатыбыз — инвесторлорду жана менчикти соттордун мыйзамсыз чечимдерди кабыл алынышынан коргоо. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Араван цемент заводунун ачылышында айтты.

Анын айтымында, мамлекеттик саясат өлкөнүн аймактарындагы жашоо шартты жакшыртууга, экономиканын реалдуу секторундагы долбоорлорго түрткү берүүгө багытталат.

Ош облусуна болгон сапарында Араван цемент заводунун иши менен таанышты. Анда: «Бул курулушту интернационалдык курулуш десек жарашат. Анткени заводдун курулушуна, ишке берилишине 5 өлкөнүн — Кытайдын, Орусиянын, Түркиянын, Голландиянын, Кыргызстандын банктары жана ишкерлери катышты», — деп белгиледи  президент.

Бүгүнкү күндө бизнести жүргүзүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Бизнести каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, каттоо үчүн 3 күндөн ашык убакыт кетпейт. Аймактардагы салыктын баасы төмөн. Жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулгандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Араван цемент заводунуну курулушуна 86 млн доллар сарпталган. Анда 450дөн ашуун жумуш орун түзүлгөн, жылына 1 миллион тонна цемент өндүрөт. Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке 400 миллион сомдон ашык салык жана социалдык төлөмдөр түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM