Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кыргызстанда ишкана ачкан ишкерлер көп урмат-сыйга татыктуу

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 945 | 0

Кыргызстанда ишкана ачып, жумуш орундарын түзгөн ишкерлер элдин арасында эң көп урмат-сыйга татыктуу болушу керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков “Алайку Органикс” ЖЧКсынын ачылышында айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ал Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында жаңы сүт заводу “Алайку Органикстин” ишмердүүлүгү менен таанышты.

 “Биз аймактарды өнүктүрүп, дыйкандарга кам көрүп, экономика салым кошкон ишкерлерге жардам берүүгө тийишпиз жана беребиз. Бул биздин мамлекеттик саясатыбыз болуп эсептелет”, — деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, заводдун кубаттуулугу жылына 1500 тонна сүттү түзөт. Ал эми өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 5 тоннадан ашат. Ага 70 млн сом өлчөмүндө инвестиция салынган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM