Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 78 млн доллар бөлдү

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 599 | 0

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эки жолдун курулушуна 78 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.

Анын 68,5 млн доллары насыя, 9,5 доллары грант болуп эсептелет. Каражат Балыкчыдан тарта Бишкек-Нарын-Торугарт жана Кочкор-Эңилчек унаа жолдорунун 68 чакырымынын курулушуна багытталат.

Эске салсак, 2016-жылы Азия өнүктүрүү банкы түндүк-түштүк жолунун курулушуна 114,35 млн доллар бөлгөн.

Бул банк 1996-жылдан бери Кыргызстандын 11 жол долбооруна жана 5 консультациялык, техникалык жардам үчүн 658 млн доллар бөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM