Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн жана Ысык-Көлдүн айрым жолдору эки күнгө жабылат

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 668 | 0

Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым жолдору 19-20-августта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

Буга байланыштуу коопсуздукту камсыздоо максатында Тамчы айылынан Бостери айылына чейин, ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын жолдорунда транспорт жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр коюлат.

Тыгын жаратпоо үчүн жол эрежелерин жана жолдо жүрүү маданиятын так сактап, унааларды жолдун жээктерине кароосуз калтыруудан алыс болууга чакырат жол көзөмөлдөө кызматкерлери.

Copyright © 2017 Maral FM