Биз менен байланышыңыз

2019-жылы 423 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 627 | 0

2019-жылы 423 км жолго асфальт төшөлдү. Бардыгы болуп 800 км унаа жолу оңдолду, жалпысынан бардык булактарды кошкондо 10,9 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, аймактардагы ички аэропорттордо жалпы 212 млн сом каражатка  реконструкциялоо иштери болду:

  •  “Ош” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылды  – 89,4 млн сом бөлүндү.
  •  “Исфана” (19,1 млн с) жана “Кербен” (14 млн с) аэропортторунун аэровоказалдык комплекстери жана Тамчы (89,4 млн с) аэропорттору модернизацияланды.

Мындан сырткары Кыргызстандын авиация тармагын “кара тизмеден” чыгаруу иштери жүрдү.

Copyright © 2017 Maral FM