Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкектин 11 калктуу конушунда 32.8 км жол оңдолот

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2021 | 1277 | 0

Быйыл Кытай грантынын эсебинен Бишкектеги 11 калктуу конушта жолдор оңдолот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан маалымдашты.

Ага ылайык, жаңы конуштарда 32.8 чакырым жолдо реконструкция иштери жүрөт.

  • Арча-Бешикте — 12.2 чакырым;
  • Ак-Өргөдө — 5.7 чакырым;
  • Ак-Ордодо — 3.1 чакырым;
  • Жеңиште — 500 метр;
  • Ак-Босогодо — 2 чакырым;
  • Эне-Сайда — 2.7 чакырым;
  • Ак-Тилекте — 600 метр;
  • Учкунда — 2.3 чакырым;
  • Дордойдо — 800 метр;
  • Кара-Жыгачта — 800 метр;
  • Ынтымакта — 800 метр жол оңдолот.

Copyright © 2017 Maral FM