Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 22 жылда жол курууга 2 млрд 355 миллион доллар каражат сарптаган

Коом , Экономика | 24 Фев 2020 | 986 | 0

1996-2018-жылдар аралыгында жол куруу тармагына 2 млрд 355 миллион доллар каражат алынган. Аталган каражатка 2079 чакырым жол салынган жана оңдолгон. Мындай маалымат Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жол тармагына алынган каражаттын пайдаланышы тууралуу маалыматты угуп жатканда билдирилди.

1996-2018-жылдар аралыгында жол куруу тармагына 2 млрд 355 миллион доллар каражат алынган. Анын 1 млрд 956 млн доллары кредит, 203,2 миллион доллары грант болсо, мамлекет тарабынан 195,3 миллион доллар бөлүнгөн. Жогоруда аталган насыялык каражатка 2079 чакырым жолдор салынган жана оңдолгон. Анын ичинде 310 чакырым жолду куруу жумуштары учурда ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов билдирди. Муну менен катар ал салынган жана куруу жумуштары жүрүп жаткан жолдордун айрымдарына токтолду.

Бейшенов буга кошумча тоннелдер менен эстакадалык көпүрөлөрдүн курулгандары жана учурда курулуп жаткан объектилер тууралуу сөз кылды.

Ошону менен катар, жол курууда Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы сындуу эл аралык ири каржы мекемелери негизги донорлор болуп саналары белгилүү болду.

Депутат Сайдулла Нышанов “тайгак жолго кол менен кум менен туз чачуу бизде эле болсо керек”,- деп нааразы болуп, жабууларды сатып алуу маселеси кандай чечилип жатканына кызыкты.

Министр Жанат Бейшенов жол тармагына атайын техникаларды сатып алуу кыйын болуп жатканын жашырган жок.

Мурдагы жабдуулар эскирип бүттү. Өткөн жыл бул маселе боюнча долбоор даярдап, Жапониянын JICA уюмуна тапшырганбыйз. Андан сырткары, өткөн жылдын жыйынтыгы менен Ош-Баткен-Исфана жолунан 4 млн доллар үнөмдөлгөн, жолду пайдалануу ишканаларынын жабдуулары жаңыланды, жаңы асфальт заводу салынды, таш майдалоочу жабдуу сатып алдык.

Бишкек-ош жолун курганда сел жүргөн жерлер эске алынган эмес. Мындай каталар бардык жаңы жолдордо бар. Мындан сырткары, тендер маселесине тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбайт. Бул маселеге депутат Зиядин Жамалдинов министрдин көңүлүн бурду.

-Тендерлерге жакшы көңүл бурсак. Эл аралык тендер деп өткөрөбүз. Мисалы, Италиянын компаниясы утту. Эч кандай техникасы жок. Бирок, аткаруучу болуп биздин кыргыздын эле жарандары жолду төшөп жатышат. Ушундай маселелерди жолго салуубуз зарыл. Ош-Исфана жолу боюнча да көйгөйлөр көп. Жумушту аткарып, бирок бүгүнкү күнгө чейин акчасын ала албай жүргөндөр бар. Урматтуу министр, ушул жагдайды өз көзөмөлүңүзгө алсаңыз.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров Транспорт министрлигин шалаакылыгын сынга алды. Анын белгилешинче, министрликтин тендер өткөрүүгө кызыктар кызматкерлери жолдун сапаты жана кийинкисине көңүл бурушпайт.

-Алган каражатка 2000 километрден ашуун жол курдук деп жатасыңар. Ошонун канчасы баланска алынганы боюнча жооп айта албайсыңар. Бул силерге эмне асмандан түшкөн акчабы? Акча каяктан келип, каякка кеткенин каттабайсыңар. Жолду баланска киргизбейсиңер. Системанын баары башаламан. Тендер өткөрүүдөн башкага кызыкчылык жок экени байкалды.

Стратегиялык жолдордун аткарылышы келишимге дал келбейт. Бүтүрүү убактысы боюнча да кечиксе, чара көрүлбөйт. Депутат Руслан Казакбаев 2012-2015-жылдар алынган чоң кредиттердин максаттуу пайдаланышы, жалпы жол тармагына алынган акчанын кайда кеткени боюнча Укук коргоо органдарынан да маалымат алуу сунушун айтты. Жыйынтыгында, Жумушчу топтун кийинки жыйындарда финансы министрлигинен маалымат алып, укук коргоо органдары менен да жыйын өткөрмөй болду.

Copyright © 2017 Maral FM