Биз менен байланышыңыз

Тербишалиев: Атамбаев жакындарынын гана тилин угуп калган

Пикирлер | 31 Окт 2018 | 583 | 0

Акыркы жылдарда КСДП авторитардык партияга айланып, Алмазбек Атамбаев башкалардын оюн укпай калган. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, КСДП жеке менчик куралга айланып калган.

«Атамбаев Икрамжан Илмиянов, Фарид Ниязов, Албек Ибраимов жана Абдил Сегизбаевдин гана тилин угуп, башкалардын оюн эске албай калган. Ири курултайларда да бул туура эмес экенин айтып чыккам. Бирок Атамбаевдин өзүнө айта албадым. Анткени ал мени кабыл алган жок», — дейт Тербишалиев.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда 5-6 адам бийликтин баарын ээлеп алын айтып өттү.

«Алар бардык маселени өздөрү карап, депутаттарга буйрук берип калышкан. Атамбаев бардык партияларды колго алып, партиялар жок болуп же жеке менчикке айланып кетти», — дейт Тербишалиев.

Copyright © 2017 Maral FM