Биз менен байланышыңыз

Тербишалиев: КСДПнын лидерин алмаштырсак башкаларга үлгү болот

Пикирлер | 31 Окт 2018 | 661 | 0

КСДПнын лидерин тынч жол менен алмаштырсак, бул башка партияга чоң үлгү болот. Партия лидерлери алмашып турушу керек экенин көрсөтөт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын  депутаты Данияр Тербишалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, партиянын башчылары алмашып турушу керек. Лидерлеринин алмашканы парламенттик башкарууга да жакшы таасирин тийгизет.

«Биз «Ата Мекен» Ө.Текебаевдин, «Ак Жол» К.Бакиевдин партиясы деп көнүп калганбыз. Эми Атамбаев жок болсо, КСДП да жок болуп кетиши керекпи? Бул партиянын мүчөлөрү да КСДПны тазалайт. Эгер партияны Атамбаев жетектей турган болсо анда карап көрөм. Себеби экөөбүздүн көз караштарыбыз эки башка», — дейт Тербишалиев.

Ал белгилегендей, 2013-жылы КСДПда уставдар алмашып, партия авторитардык боло баштаган. Аны аталган партиянын айрым мүчөлөрү ачык айтып жүргөн.

«2015-жылы көз карашыма так турдум, өзгөргөн жокмун. Анын айынан КСДП мени четтетип койду. Бирок партиялык билетти тапшырган жокмун. Азыр КСДПнын көз карашы алмашты. Партиянын ичине атаандаштыкты киргизели деп жатабыз. Менин позициям менен КСДПнын көз карашы дал келип жатат», — дейт Тербишалиев.

Copyright © 2017 Maral FM