Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: УКМКнын Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташып жатканын айтканы туура эмес

Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 577 | 0

УКМКнын «Икрамжан Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташып жатат» дегени мурунку бийликке болгон коңгуроо болуп саналат. Анткени муну айтуунун эч кандай кажети жок болчу. Мындай пикирин Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тергөө жүрүп жатканда сырларды ачуу туура эмес.

«Ар бир кылмыш боюнча малымат берилбейт. Бийликтин дагы саясий боёк берип жатканы ушунда. Атайын кызматтын саясий процесске катышып Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташып жатат дегени туура эмес»,-дейт Бөрүбашев.

Ал буга кошумча Илмиянов акыркы жылдары кыргыз элитансынын жүзү болуп калганын айтат.

Ошондой эле шайлонун принциптери бузулганына шайлоо соодалашуу болуп калганы далил экенин белгилейт.

«Кеп Илмияновдо эмес саясий системада. Президенттик шайлоо туура бир жыл мурда өттү. БШКнын алдында комиссия 150 млн доллар президенттин шайлоо фондуна кеткен деген маалыматты карап жатса керек», — дейт Бөрүбашев.

Белгилей кетсек, КСДП партиясына УКМКнын тергөөчүлөрүнөн Илмиянов ишкерлерден 150 миң доллар алган деген кат келген.  Партия катка жооп кылып, акча былтыр шайлоодо «демөөрчүлүк жардам» катары алынганын, ал боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын штабы жооп бериши керек экендигин айткан.

Ал эми Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM