Биз менен байланышыңыз

Грузияда президенттик шайлоонун 2-туру өтүшү мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 1172 | 0

Грузияда өткөн президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча өлкө экинчи турга барары болжолдонууда. Бул тууралуу Спутник Грузия агенттиги маалымдады.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 29-октябрь күнү кечинде жарыяланарына карабастан шайлоодо эч бир талапкер 50%дан жогору добуш албагандыгы маалым болду. Кезектеги шайлоонун эң алдыңкы талапкери болуп жаткан мурдагы Тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили азырынчы 42% менен алдыда. Андан кийинки орунда он оппозициялык партиянын бирдиктүү талапкери Григол Вашадзе келүүдө. Бул эки талапкер шайлоонун экинчи турунда ат салышуусу ыктымал.

Учурда бийликте турган “Грузиянын кыялы-Демократиялык Грузия” партиясы өз талапкерин көрсөткөн жок, бирок тарапсыз талапкер катары ат салышкан Зурабишвилини сүрөөдө.

Бул өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхындагы 7-президенттик шайлоо. Утуп чыккан талапкер 6 жылга шайланып, 2013-жылдан бери өлкөнү башкарган Георгий Маргвелашвилинин ордуна отурат. Мындан сырткары, жаңы президент жаңы Башмыйзам боюнча биринчи жолу иш алып барат. Себеби Грузия парламенттик башкаруу формасына өткөн жаңы баш мыйзамды кабыл алды. Ал президент менен бирге ишке киришмекчи. Ага ылайык, президент өлкө саясатында чечүүчү роль ойнобостон, өлкөнү эл аралык аренада таанытуучу фигура болмокчу.

Жаңы мыйзам боюнча өлкө 2020-жылы парламенттик шайлоо өткөрөт. Бүгүнкү президенттик шайлоо парламенттик шайлоонун алдын-ала машыгуусу болорун айтышат серепчилер.

 

Copyright © 2017 Maral FM