Биз менен байланышыңыз

Грузияда президенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө | 28 Окт 2018 | 619 | 0

Бүгүн, 28-октябрда Грузияда президенттик шайлоо өтүүдө. Ага 25 талапкер ат салышып жатат. Борбордук шайлоо комитети өлкөнүн 84 аймагында 3701 шайлоо участкасын ачкан. Анын жүрүшүн 3 300 байкоочу көзөмөлдөшөт.

Маалымат каражаттарындагы кабарлар боюнча, күчтүү талапкер катары ТИМдин экс-жетекчиси Саломе Зурабишвили, экс-президент Михаил Саакашвилинин үзөңгүлөшү болгон Григол Вашадзе каралып жатат.

Зурабишвили “Грузин кыялы” партиясынан, ал эми Григол Вашадзе “Күч биримдикте” партиясынан чыккан. Кеминде калктын 50 пайызынан көп добуш топтогон талапкер гана президент боло алат. Соңку жыйынтык шайлоо бүткөн соң 20 күндөн калбай жарыяланышы кажет.

Эгерде 1-турда эч бир талапкер тйииштүү добуш топтобосо, анда 2-тур белгиленет. Ал шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жарыялангандан тартып 2 аптадан калбай өтүүгө тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM