Биз менен байланышыңыз

«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси канча айлык аларын айтты

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 751 | 0

“Улуттук энергохолдинг” компаниясы 48 кызматкерине жылына 49 млн сом акча сарптайт. Бул тууралуу компаниянын башчысы Азамат Абдыкадыров  парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, компаниянын жылдык чыгашасы 74 млн сомду түзөт. Анда 48 кызматкер иштеп, маянасына 49 млн сом бөлүнөт.

Мындан калган каражат гана транспорттук жана командировкалык чыгашаларга, компаниянын керектөөлөрүнө жумшалат. Ал эми жетекчинин өзүнүн айлыгы 80-90 мин сомду түзөт. Бирок ал сентябрь айында 100 миң сом айлык алган.

Copyright © 2017 Maral FM