Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Энергетика тармагында коррупция бар экенин бешиктеги бала да билет

Коом , Экономика | 7 Дек 2019 | 708 | 0

Жогорку Кеӊештин 5-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын энергетикалык тармагын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Эми ал топ “Улуттук энергохолдингдин” берген маалыматы боюнча электр энергияны жоготуунун, дебитордук карыздын көлөмүн, коррупциялык схемаларын изилдөө, электр энергиянын автоматташтырылган эсептөө системасын киргизүү жана Кыргызстандагы энергетикалык сектордун абалын, ошондой эле анын келечектеги өнүгүүсүн текшерет. Бул маселе боюнча демилгечи депутат Өмүрбек Бакировду комиссиянын максаты тууралуу, аткара турган иш-аракеттери боюнча сөзгө тарттык.

-Комиссиянын түзүлүшүнө эмне түрткү болду, ага кимдер мүчөлүк кылат?

-Биздин максат — энергетика тармагындагы бүгүнкү абал, ичиндеги коррупция аралашкан башаламандык маселелерин дыкаттык менен иликтеп, энергетика системасын жөнгө салуу. Бизде суубуз, мөңгүбүз бар дейбиз. Бирок бул тармак талкаланып, кризиске такалганы баарыбызга белгилүү. Маселенин оор экенин энергохолдингдин жетекчиси да мойнуна алып, абалдын кыйын экенин айтууда.

-Комиссия кандай иш жүргүзөт? Кимдерди угуп, кайсы энергетикалык ишканалардын ишин текшерет?

-Жалпысынан үч багытта иш алып барабыз. Алгач регламентти тактап алабыз. Биз комиссиянын төрагасын шайлай элекпиз. Төрага шайланса, бир чечимге келебиз. Менин оюмча, энергетика системасындагы ортомчу компанияларды текшерип, жоготуулар, дебитордук карыз жана паракорчулук боюнча иш алып барсак. Негизи эле, 25 ортомчу компания бар. Булар мамлекет өндүргөн электр энергияны арзан баада сатып алып туруп, элге кымбат баада сатып жатат. Баадагы айырмачылык өтө чоң. Карап көрсөк, ортомчу компаниялардын бардыгына эле кайсы бир аткаминердин баласы, туугандары же өзүнө тиешеси бар. Кыскача айтканда, холдингдин башкаруу системасы жеке менчик болуп эсептелет.

-Анда депутат катары бул тармакта кандай реформа жүргүзүү керек деп ойлойсуз? Энергетика министрлигин түзүүгө канчалык муктаждык бар?

— Энергохолдинг түзүлүп жатканда эле көпчүлүгүбүз каршы болгонбуз. Ушундан улам биз маселени кайрадан карап чыгып, адистер менен кеңешип, муну мамлекеттин өзүнүн көзөмөлүнө алышыбыз керек. Балким, министрликти кайрадан түзүү керек. Азыркы учурда энергетика тармагында бирдиктүү саясат, башкаруу жок.

Бул тармактагы коррупция боюнча азыр Бишкек ЖЭБдин алкагында соттук процесстер жүрүүдө. Дагы башка кайсы долбоордо коррупциялык схема болушу мүмкүн деп болжойсуз? Буга чейин Датка-Кемин тууралуу да ар кандай пикирлер айтылып келген. Ал да текшерүүгө алынабы?

-Бул тармакта коррупция бар экенин бешиктеги бала да билип калды. Ушул тармактагы коррупциянын айынан экс-президенттер, премьер-министрлер, канчалаган жогорку кызматта иштеп кеткендер түрмөдө отурат. Анан бүгүнкү күндө энергетика тармагы коррупциядан оолак десе, туура бобой калат. Ушул паракорчулукту, башаламандыктарды көрүп туруп, өз милдетибизди аткаруу үчүн депутаттык комиссия түздүк. Биздин негизги максатыбыз — энергетиканын эртеңки келечегин оңдоо, бүгүнкү абалдан чыгуу, карапайым элди кыйнаган тариф саясатын жөнгө салуу болуп эсептелет.

Маегиңизге чоң рахмат!

Эскерте кетсек убактылуу депутаттык комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:

  • КСДП фракциясы – Мухтар Айнакулов, Өмүрбек Бакиров, Айнура Осмонова, Ильхом Мананнов;
  • “Республика – Ата Журт” фракциясы – Умбеталы Кыдыралиев, Максат Сабиров;
  • “Кыргызстан” фракциясы – Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов;
  • “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы – Зиядин Жамалдинов;
  • “Бир Бол” фракциясы – Акылбек Жапаров;
  • “Ата Мекен” фракциясы – Бахадыр Сулейманов.

Copyright © 2017 Maral FM