Биз менен байланышыңыз

Энергохолдинг: электр энергиясын үнөмдөө максатында өчүрүүлөр болбойт

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Сен 2020 | 701 | 0

Быйыл электр энергиясын үнөмдөө максатында өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу «Энергохолдинг» мамлекеттик ишканасынын Энергияны иштеп чыгуу жана берүү башкармалыгынын жетекчиси Максат Жумабаев  «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Жумабаевдин айтымында, быйыл Токтогул суу сактагычында мурункуга салыштырмалуу суу аз. Бирок, учурдагы суунун запасы өлкөгө керектүү электр энергиясын өндүрүүгө жетет. Ошондой эле электр энергиясынын тартыштыгы пайда болсо коңшу Казакстандан импорттоо боюнча келишим түзүлгөн. Мындан улам, электр жарыгын үнөмдөө максатында өчүрүүлөр болбойт,-деп кошумчалады Жумабаев.

Белгилей кетсек, 10-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 69 млн куб метрди түздү.

Энергетика маселеси жана кышка даярдык боюнча талкуунун видеосун бул жерден көрүңүз:

Күн чабыт программасыТема: Энергетика маселеси жана кышка даярдыкКоноктор: Энергияны иштеп чыгуу жана берүү башкармалыгынын жетекчиси Максат ЖумабаевЭлектроэнергиясын бөлүштүрүү жана жылуулук менен жабдуу башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Жаныбек Алимбеков

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Среда, 9 сентября 2020 г.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM