Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын энергетика тармагына реформа жасалат

Экономика | 23 Янв 2019 | 900 | 0

Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагын реформалоо маселеси боюнча кеңешмеде айтты.

Бүгүнкү күнү эл тараптан энергетика тармагын башкаруу, ошондой эле «Улуттук энергетикалык холдингдин» ишине сын айткандар арбыды. Көпчүлүк холдинг алдына койгон максатына жетпегенин айтууда. Мындан улам Кыргызстандын энергетика системасын кайрадан реформа жасоо маселеси көтөрүлдү. Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев да өлкөнүн энергетикалык тармагын реформалоо керек деди.

Бизде приаритеттүү эки сектор бар. Энергетика сектору биздин экономикага чоң салым кошо турган локомотив. Ушулардын баарын эске алып, реформаны энергетикадан баштайлы деп жатабыз. Анын алкагында жарандарыбызга кызмат көрсөтүүнүн жаңы ыкмаларын алып келебиз.  

Бул жаатта Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана «Улуттук энергохолдингге» бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде Кыргызстандын энергетикалык эсептөө борборун түзүү да камтылганын комитеттин өнөр жай бөлүм башчысынын орун басары Азамат Оморов айтты.

Реформаны ишке ашыруу багытында бир топ тапшырмалар берилди. Биринчиден, процесстердин ачык болушу. Бул жаатта кыргыз энергетикасын эсептөө борборун айтылды. Бул жерде электр энергиянын өндүрүүдөн тартып, жарандардын үйүнө чейин баары ачык болушу керек. Мындан тышкары акылдуу эсептегичтерди бизден жасап чыгуу үчүн заводдорду ачуу боюнча тапшырмалар берилди.

Буга кошумча тармак ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн  жаңы автоматташтырылган тутумдун ишке киргизилиши менен жүзөгө ашырылаары кабарланды.

А бирок экспреттер энергетика тармагындагы учурдагы мамлекеттик башкаруу тутумуна карата реформа жасалышы керек деп жатышат. Мындай оюн эксперт Расул Умбеталиев айтып, реформа завод салуу эмес экенин белдирет.

Албетте, өкмөт электр чубалгыларын,көмөк чордондорду чыгарган завод курса жакшы болмок. Бирок бул маалыматтын айтылганына кеминде 10 жыл болду. Иш деги эле астыга жылган жок. Анын үстүнө бул дагы чечкиндүү реформага кирбейт. Реформа толук энергетика тармагында жасалууга тийиш. Эң алдың башкаруу ситемасын кылуу керек.

Ушул жагынан алганда, реформанын алкагында кайрадан Энергетика министрлигин түзүү сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев берип келет. Себеби азыркы тапта энергетика системасын тескей турган органдар чачыранды абалда иш алып барып жатат. Ошондуктан аларды кайрадан бириктирүү керектигин эл өкүлү демилгелөөдө.

Биз системаны өзгөртүүбүз керек. Мына «Улуттук энергохолдинг» өзүн актай албай калды. Көп иштер жасалбай келатат. Баягыдай Энергетика министрлиги болуп турганда жакшы эле. Кайрадан ошол түзүмгө алып келүүнү айтар элем.

Эскерте кетсек, энергетика тармагындагы ири жоготуулар жана коррупция арбын экени айтылып, ошонун айынан учурда камакта отургандар да бар.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM