Биз менен байланышыңыз

Кышында электр энергиянын тарифи жогорулабайт

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 673 | 0

Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф жогорулабайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тарифтер мурдагы боюнча калат. Ал эми 2019-жылы тарифтик саясаттын өзгөрүп же калыбында калышы боюнча маалымат берген жок.

Депутат Дастан Бекешев буга кошумча парламенттин имараты кышында суук болорун, депутаттар жылытуу жабдыктарын колдонууга мажбур болушарын айтты.

Ал эми вице-премьер-министр депутатка дубалды жана терезени жылуулоо керектигин сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM