Connect with us

Басынбачы, чырагым!

Блог | 23 Окт 2018 | 1974 | 1
Зафер Динжерге таандык сүрөт

“Мекенди сүйүү- ыймандан”

Мен кыргызмын! Анан мен эмнегедир эле өзүмөн- өзүм басынып, кичирейип, өзүмдү кор тутуп эле бирдеме боло берээримди байкайм. Мени деле эч ким сөөмөй кезеп басынтпайт экен. Ал менин ичимде бала күнүмөн калыптанып, анан мен ошол басынууга макул болгонсуп жашап жатканымды билем. Моюндайм. Көрсө кеп менде деле эмес экен. Кеп менин улуттумдун отсуз духунда экен. Үйдөгү жашоомдо экен. Апамдын тарбиясында экен.

Маселен:

  1. Тилге байланыштуу басынуу;
  2. Маданиятка байланыштуу басынуу;
  3. Улуттук сезимге келгенде басынуу;
  4. Саясатка карата басынуу;
  5. Ичкен тамагына карата басынуу;
  6. Кийинген кийимине карата басынуу;
  7. Адабиятына карап басынуу;
  8. Бала тарбиялоодогу басынуу жана башка… жана башка.

Мен чу, дегенде эле тилдеги басынууну айтайынчы.

-Ата- энелер көбүнчө балдарыбыз кыргыз мектепте окуса дөлдүрөп калат, орус мектепке эле берейин дейт экенбиз. Орустар деле орус мектептерине бергиле дебейт экен. Биз өзүбүз эле.

-Көчөдө, ар бир коомдук унааларга түшкөндөрүбүз орусча кайрылуу адатынан арылгыбыз деле келбейт экен. Кызыгы, эч ким деле бизди орусча сүйлө унаанын ичинен деп коркутпайт экен. Биз өзүбүз эле.

-Коомдук тамактануу жайларындагы музыка өзбекче, орусча, ангисче, испанча, түркчө болсо биз жакшы бийлейт экенбиз. Эч ким ушул музыкаларга бийле дебейт деле экен. Биз болгону кыргызча музыкага бийлөөнү бир аз маданияттан артта калгандай көрөт экенбиз.

-Коомчулук алдында сүйлөө баарына түшүнүктүү болсун деп расмий тилде сүйлөйт экенбиз. Олтурган бир экөөнүн түшүнбөй калганына капа болуп, бирок жалпы кыргыздын тушүнбөй калганын урбайт экенбиз. Биздин башыбызга кылыч кармап, кыргыз жыйындарында расмий тилде сүйлө дебей турганын билсек деле. Биз өзүбүз орусча сүйлөгүбүз келет экен.

-Кесипке байланыштуу айтсам журналистикада. Маалымат жыйын өткөргөндөр баарына түшүнүктүү болсун үчүн дагы да расмий тилде баштап, көпчүлүк учурда ошол эле расмий тилде бүтүрөт экен. Кыргыз тилдүү журналистер көбүнчө унчукпайт, орусча билбейт экен деп ойлобосун деп, өзүн кыйнап кыргыздын орус сөзүн кыргызчалайт экен. Анткени ага көнүп деле калган экенбиз. Өзүбүз элечи.

-Жогорку окуу жайда окуу куралдары, китептер дээрлик орус тилинде. Сабактар да көбүнчө орус тилинде. Өзгөчө 1-2- курстар лекцияларды сөзмө- сөз жаттап айтып беришет. Өзүмдүн башыман өткөн үчүн айтып атам… Эмнени жаттаганыңды деле билбей каласың кээде. Агай же эжей, мен кыргызча жооп берем дебейт экенбиз көбүбүз. Өзүбүз элечи.

-Ал эми жаштардын сүйүү СМСтерине келсек, жакшы, жагымдуу угулат деп түркчө, орусча, кытайча же англисче сөз менен сезимдерибизди билдиргибиз келет экен. Жан дүйнөгө жете тургандай көркөм кыргыз сөзү жок экен деп ойлойт экенбиз. Эч ким деле биздин СМСтерди текшерип бизди кыргызча жазба, дебейт экен. Биз өзүбүз эле.

 

Ооба булардын баары кыргыз коомун аралаган майда мисалдар. Сиз кээ бирине макул эмессиз, билем. Тилекке каршы бул чындык. Эмне кылайын, атаӊдын көрү ай деп кейийт мындай учурда кыргыздар. Ал эми «Орустун сөзү аябай бай…», «Түрк тилинде сүйлөө кооз угулат…», «Англис тилиндеги сөздөр менен сүйлөөнү гана жактырам…», «Кыргыз тили жарды… Кыргыз тили менен оюуңду толук түшүндүрө албайсың…» дегендерге “сиз кыргыз тилин жакшылап үйрөнүшүз керек экен” дегенден бөлөк эч нерсе айта албайм.

 

Башка тилдерди үйрөнүү менен алек болгон кыргыз катары, дүйнө таанымды кеңейтүү үчүн, өзүмдү ар тараптуу өстүрүү үчүн көп тил билсем деп кыялданам. «Канча тил билсең, ошончо адамсың», — деген сөзгө ишенем. Бирок кыргыз тилинин ушунчалык бай тил экенин, элестүү, образдуу жана таасирдүү тил экенин тастыктай албай жүргөндөрдүн катарындамын. Маселен, Ой гүлдөрүн терип, кыргыз тилинде куюлушкан, берметтей сөздөр менен сүйлөп, ар бир кыргыздын жүрөк каалгасын ачтыргым келет. Канымда ойноп турган кыргыздын рух ыргагында термелип, үңүрөйгөн журтташымдын кашына барып, шаабайы сууган сөздөрдөн эмес, келечекке шоола жандыраар от сөздөр менен ички оюн жакшылыкка жалгаштыргым келет. Кып- кыргызча, сөздөр менен. Кыргыз тили ушунчалык элестүү, образдуу тил дегенге ишенбегендер, көп тил билген акылдуулар «үңкүйгөн, чүкчүйгөн, үңүрөйгөн, маңдайы жарык, котур ташы койнунда, жайдаңдаган, кабагы салыңкы, шаабайы суз, энеси эркек туугандай…» деген сыяктуу элестүү кыргыз сөздөрүн маанилүү кылып которуп көрүңүз. Которо алсаңыз жакшы, эгер которо албасаңыз дагы да кыргыз тилин үйрөнүңүз дегенден тажабайм.

Мен балдарыбыздын биз сыяктуу басынган, корунган, жүрөгүндө оту жок коркок, мокок, мажирөө кыргыз болуп калуусунан корком.

Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM