Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Эл өкүлдөрүнүн «дудуктугунан» улам кадр саясатында кризис бар

Пикирлер | 22 Окт 2018 | 519 | 0

«Президент менен жолуксам «коррупцияны жоё турган механизмди жок кыл, кеңешчилериң ким экенин коомчулук билиши керек» дейт элем. Мындай оюн саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчынын «вазирлерин» эл билбейт. Ал эми ачык коомдо эл билиши керек. Себеби шектенүү болбошу зарыл.

«Жээнбеков жасачу реформасын элге ачык айтышы керек. Президент баарын өзүнө алып алган, бирок жоопкерчилик жок. Башкача айтканда, акимди да, премьер-министрди да өзү дайындайт. Ошондуктан эл да коомдогу көйгөйлөргө өлкө башчыны күнөөлөйт. Эгер президент кадр саясатына аралашпаса, мындай болмок эмес. Тилекке каршы, бизде андай нерсе жок», — дейт Бекназаров.

Ал белгилегендей, кадр саясатын коалициядагы 3 партия чечиши керек. Бирок депутаттардын «дудуктугунан» улам кадр саясатында кризис бар.

«Депутаттар президентке «сиз биздин ишке кийлигишпеңиз» дей албай жатат», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM