Биз менен байланышыңыз

Молдобаев: Атамбаевдин колунан эч нерсе келбейт

Пикирлер | 22 Окт 2018 | 811 | 0

Кандай кадамга барса да экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан эч нерсе келбейт. Мындай пикирин саясатчы Нарынбек Молдобаев  “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Атамбаевдин миллиарддаган акчасы болсо да эл аны ээрчибейт. Мурунку бийликтин кайра бийликке келишине кошуна мамлекеттер да жол бербейт.

«Атамбаев 12 жолу чыкса да аны эл колдобойт. Мындайда саясатты жалгыз адам жасай албайт. Атамбаев саясатка келүүгө аракет кылса да революция кылууга жаш керек. Атамбаев менен Илмиянов «Бир Бол» фракциясынын да тизмесин түзгөн. Ал эми Илмияновдун чоң компанияларда үлүшү бар. Ал бизнесмендерди абдан кыйнаган», — дейт Молдобаев.

Ал белгилегендей, Атамбаевди камоого мыйзам жол бербейт. Камоо үчүн Конституцияны өзгөртүү зарыл. Бирок анда да экс-президент камалбайт. Себеби мыйзам артка иштебейт.

«Атамбаевдин тегерегиндегилер — Кулматов, Исаков күнөөлөрдү айтса анда экс-президентти камаш керек. Бирок кандай камайт аны билбейм. Башка өлкөлөрдүн президенттери камалууда. Бизге келгенде эле кол тийбей калат», — дейт саясатчы.

Молдобаев: Сотторду тандоо кеңеши судьялардан акча алат

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз

 

Copyright © 2017 Maral FM