Биз менен байланышыңыз

Молдобаев: Илмиянов бошотулушу да мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2018 | 1461 | 0

Икрамжан Илмиянов бошотулушу да мүмкүн. Мындай пикирин саясатчы Нарынбек Молдобаев  “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Илмияновдо көп маалымат бар. Ал аны ачыкка чыгарса көп нерсе ачыкталат.

«Илмиянов кыйын киши экен. Ал  болгон кадрын кызматка коюп, бардык жерге өзү кийлигишип, 6 жыл Кыргызстанды кармап турду. Илмиянов камалып, Атамбаевге бир топ кыйын болуп жатса керек. Бул мурдатан бери болуп жаткандай соттун чечими чыгары менен Илмияновду дароо камашты», — дейт Молдлбаев.

Ал белгилегендей, бир-эки кишини камап коюу — коррупцияны жоюу болуп эсептелбейт.

«Коррупция менен чечкиндүү күрөштөрдү көрө элекпиз. Коррупция өйдө жакта эмес ылдый жакта. Биз түз эле чоңдорду карайбыз. Ичип-жегендер жок дегенде качып же камалып жүрөт. Эл да паракорчулардын жеген каражатын кайры мамлекетке кайтартса дейт. Камаган менен элге пайда жок», — дейт саясатчы.

Белгилей кетсек, Икрамжан Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталууда. Ал 20-октябрга караган түнү Москвада кармалып, Бишкекке алып келинген. 20-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Молдобаев: Атамбаевдин колунан эч нерсе келбейт

Copyright © 2017 Maral FM