Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Депутаттардын тизмесин Атамбаев менен Илмиянов түзгөн

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2018 | 780 | 0

2015-жылы депутаттарын тизмесин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Икрамжан Илмиянов чогуу түзгөн. Ак үйдө Илмиянов койгон адамдар отурат. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурунда Илмиянов аркылуу бийликке келгендер көп.

Жээнбеков ошондой эле, элдин 51 пайызы сот бийлигине, 70 пайызы  укук коргоо органдарына ишенбей турганын белгилейт.

«Мындай мамлекетте коррупция менен күрөш кантип болот? Сот кантип адилеттүү иликтөө жүргүзө алат? Ошондуктан Илмияновдун иши аягына чыкпай калышы мүмкүн. Илмиянов түзгөн парламент, Ак үй, соттор аны кантип соттошот? Илмиянов түштүктүн президенти экенин баары билчү. Бирок эч ким чечим кабыл алган жок», — дейт саясатчы.

Белгилей кетсек, Икрамжан Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталууда. Ал 20-октябрга караган түнү Москвада кармалып, Бишкекке алып келинген. 20-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына  камалды.

Жээнбеков: Атамбаевди узурпация боюнча камаса болот

Copyright © 2017 Maral FM