Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Атамбаевди узурпация боюнча камаса болот

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2018 | 2204 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди узурпация боюнча камаса болот. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев бардык мамлекеттик институттардын ролун жок кылып анын ордун өзүнө алып алган. Бул оор кылмыш болуп эсептелет. Бирок азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өзү да узурпация кылып алган.

Жээнбеков да Атамбаевдин жолун толугу менен кайра баштап, парламент, өкмөт жана сотторду чөнтөгүнө салып алган. Бул Кыргызстан үчүн абдан коркунучтуу жол болуп эсептелет.

«Биринчиден, Атамбаевди камоого Орусия жол бербейт. Орусия үчүн экс-президентти каматуу жаман үлгү. Менин оюмда Орусия Атамбаевге жашыруун коопсуздук берген. Мындан сырткары, аны камоо президент үчүн оор. Бүгүнкү бийликтин түбү, негизи Атамбаев. Анткени Жээнбековду өлкө башчы кылган Атамбаев болуп эсептелет. Ошондуктан аны камоо маралдык жактан бүгүнкү президенттин бийлигин толугу менен жокко чыгарып ташташы мүмкүн. Бул себептен азыркы бийлик Атамбаевди камай албайт», — дейт саясатчы.

Ал белгилегендей, дүйнөлүк практикада президенттерди 4 негизде камашат. Алар — геноцид, системалуу түрдө адам укугун бузуу, коррупция жана узурпация.

 

Жээнбеков: Атамбаевдин саясатка келүү мүмкүнчүлүгү жогору

Copyright © 2017 Maral FM