Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Атамбаевдин саясатка келүү мүмкүнчүлүгү жогору

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2018 | 2739 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамилеси биротоло үзүлдү. Элдешкис деңгээлге өттү десек болот. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев убактылуу тыным кармашы мүмкүн. Бирок ал чегинип, сынып кала турган саясатчы эмес, анын мүнөзү күчтүү. Ошондуктан 2005-2010-жылдары Атамбаевдин ролу абдан чоң болгон.

Эгер президент камоолор менен бирге мамлекетте сот, жергиликтүү бийлик, билим берүү, медицина тармагындагы реформаларды ишке ашыра турган болсо Атамбаевдин күчү жок болуп калат.

«Эгер камоолор болуп, бирок башка багыттар каралбай кала турган болсо, анда Атамбаевдин жакынкы айларда күчкө кирүүсү, болуп жаткан окуяларга жооп берүү мүмкүнчүлүгү жогору. Азыр башка багыттар каралбай калды, экономика өлдү, социалдык абал оор,» — дейт саясатчы.

Жээнбеков белгилегендей, мамлекеттеги стабилдүүлүк биринчи кезекте Атамбаев, саясатчыларга эмес, азыркы президентке байланыштуу.

«Так айтуу зарыл, Жээнбеков мамлекеттин келечегин аныктай алган жок. Ал өлкөдө маанилүү реформаларды жасай албады. Ошондуктан Атамбаевдин саясатка келүү мүмкүнчүлүгү жогору», — дейт Жээнбеков.

Молдобаев: Илмиянов бошотулушу да мүмкүн

Copyright © 2017 Maral FM