Биз менен байланышыңыз

ЖМК: “Путин белек кыл. Кыргызстандын президентине жаңы учак керек”

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 3236 | 0

Путин белек кыл. Кыргызстандын президенти үчүн жаңы борт зарыл”.  Ушундай темада айрым орусиялык маалымат сайттары өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун учагы эскиргени тууралуу жазышты.

REGNUM маалымат агенттиги Жээнбеков учкан бортту он жыл мурун Орусия президенти Владимир Путин белек кылганын, ал советтер союзу учурунан калган эски борт экенин кыргызстандык маалымат каражаттарына шилтеп жазды.

Азыркы учакты он жыл мурун Путин белек кылган. Дагы бир учак белекке берилсе жакшы болмок. Анткени 80-100 млн долларга жаңы учак алууга мамлекеттин чамасы жетпейт,” – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев парламент жыйынында өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун коопсуздугу үчүн эскирген учакты жаңылоо зарылдыгын айтып чыккан. Бирок Транспорт жана жолдор министри учак алууга каражат жетпей турганын айткан.

Жаңы борт сатып алууга 80-100 млн доллар керектелет

Copyright © 2017 Maral FM