Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: батуттардын ордуна бак-дарак отургузулуп жатат

Кыска кабар | 21 Окт 2018 | 806 | 0

Борбордогу батуттардын ордуна бак-дарактар отургузула баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эркиндик проспектиндеги батуттарды иштетүүгө ээлеринин документтери жок болгондуктан, Чүй проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин 10 бадал жана чынар, эмен бактарынын 90 түрү тигилди.

Мэрия батуттардын жаратылышты бузуп жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарынан арыз түшкөндүгүн, кожоюндарынын иштетүүгө тиешелүү документтери жок болгондуктан көчөттөрдүн отургузулгандыгын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, мэрия Тоголок Молдо көчөсүндөгү батуттардын ордуна да бак-дарак отургузууну көздөп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM