Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кирүү үчүн виза алуунун жолу жеңилдетилди

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 903 | 0

Кыргызстанга туристтик топтордун келип-кетүүсүн жеңилдетүү масатында өкмөт токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын негизинде туристтик топтордо эң аз 5 адам, эң көп дегенде 15 адам болууга тийиш. Ошондой эле, туристтик топтун мүчөлөрү толукталып же азайып кеткен учурда да мамлекеттик чек араны коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган өлкө аймагына киргизүү, чыгаруу иштерин да аткарат.

Мындан улам топтук виза менен келчү туристтик топтор толук курамда келбей калган учурда да, мамлекеттик чек ара кызматы аларды өткөрөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM