Биз менен байланышыңыз

Бишкекте акыркы күндөрү электр энергиясы көп колдонулду

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 717 | 0

Акыркы күндөрү аба ырайынын  кескин өзгөрүшүнөн улам Бишкекте электр энергиясы көп өлчөмдө колдонулган. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Шаар тургундары үчүн 17-октябрда суткасына 7,7 млн кВт/с колдонуу пландалган болсо, анда 13,2 млн кВт/с электр энергиясын пайдаланышкан.

Мындан улам Батыш райондук электр тармагына жарыктын өчкөнүнө байланыштуу тургундардан 40 арыз, ал эми “Түндүкэлектр”ААК 100 арыз келип түшкөн.

Бул маселени чечүү үчүн  19 топ иш алып барып, жумуштун 80 пайызы ошол күнү аткарылган. Бүгүн, 18-октябрда эртең менен тарта 20 топ иштей баштады.

Copyright © 2017 Maral FM