Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бажыдагы коррупцияга министрликтер өздөрү жол ачышат

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 690 | 0

Бажы кызматындагы коррупцияга Экономика министрлиги жана Финансы министрлиги жол ачып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анткени бажы кызматында атайын белгиленген тариф, план жок. Мындан улам аткарыла турган планды бажы кызматына аталган министрликтердин өздөрү бере тургандыгын айтты. Ал эми карапайым калк суткалап кезек күтүп, терминалдын алдында өтүү үчүн турушат.

Анын айтымында, башка өлкөдө бажыдан өтүү процедурасы жарым саатта ишке ашат. Бажы көзөмөлүнөн өтүүнүн мөөнөтүн азайтуу боюнча маселени алар бир күндө, үч күндө эле чечип койгон. Ал эми Кыргызстанда үч жылдан бери чечилбей келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM