Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Бажы кызматы мамлекетке 170 млн сом зыян келтирген

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 453 | 0

Бажы кызматында иштегендердин мыйзамсыз иштеринен улам мамлекет 170 млн сомдон ашуун зыян тарткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, кызматкерлер унаа ташыган жеке жактар менен «жең ичинен сүйлөшүп», ЕАЭБдин талаптарын одоно бузган. Тагыраагы, 2019-жылы Кыргызстанга келген автобустарды арзандатылган тариф менен мыйзамсыз өткөрүп жиберишкен.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM