Биз менен байланышыңыз

Бажыдагы санарип: “Торугарт” өткөрмө бекетинин мисалында (аудио,сүрөт)

Экономика | 2 Дек 2019 | 1035 | 0

29-30-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматы менен жалпыга маалымдоо каражатарынын өкүлдөрү үчүн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө пунктуна жана “Кант” бажылык тариздөө жайына ( “Кант” БТЖ) пресс-тур уюштурулду. Кытай аркылуу келген жүктөр кандай таризде текшерилип, кандай көзөмөлгө алынат? Атайын “Торугарт” өткөрмө пунктуна “Марал” радиосу да барып жеринен таанышып келди.

Пресс-турдун жүрүшүндө “Торугарт” өткөрмө пунктунда Мамлекеттик бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасы (БАМС) аркылуу жүзөгө ашырылуучу жүк ташыган транспорт каражаттары өткөрмө пункттарына келиши жана алардын бажылык тариздөө жайларына кетиши менен байланышкан бардык бажы операциялары көрсөтүлдү.

Негизинен, товарлардын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келишине чейин бажы контролун өткөрүүнү камсыздаган, бажы контролунун объекттерин, формаларын тандоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу жана тобокелдиктерди баалоо үчүн негиз болгон интернет байланышы аркылуу дүйнө жүзүнүн каалаган жеринен ТЭИ катышуучулары менен берилиши мүмкүн болгон бажы органдары тарабынан алдын ала маалыматты кабыл алуу тартиби менен таанышып чыктык.

Маалыматка ылайык, алдын ала маалымдоону колдонуу ТЭИ катышуучулар үчүн өткөрмө пункттарында бажы контролун өтүү убактысын негиздүү кыскартууга мүмкүндүк берген.

Ошондой эле, бизге,  өткөрүү пунктунда өткөн контролдун бардык түрлөрү, анын ичинде МБКнын Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасында транзит декларациясын түзүү үчүн маалыматтар автоматтык түрдө МБКнын БАМСка түшкөн салмак көлөмдүк контролдоо жана андан кийинки транспорт каражаты транзит бажы жол-жобосу астында бажылык тариздөө жайына жөнөөсү көрсөтүлдү.

Пресс-тур 30-ноябрда “Кант” бажылык тариздөө жайында уланып,  бажылык тариздөө жайларында ишке ашырылуучу бажы операциялары менен тааныштык.

Негизинен, транспорт каражаттарын экинчи ирет таразага тартуу, БАМСта транзит декларациясын жабуу жана убактылуу сактоо документин автоматтык түрдө түзүү, транспорт каражатын бажылык текшерип кароо жана МБКнын БАМС аркылуу товарларды эркин жүгүртүүгө чыгаруунун жол-жобосу көрсөтүлдү.

 

Ошондой эле, 30-ноябрда МБКнын борбордук аппаратында жайгашкан Мониторингдөө борборуна барып, бул жерде онлайн режиминде өткөрмө пункттарынан жана бажылык тариздөө жайларынан видеокөзөмөлдөө системасы, ошондой эле МБКнын БАМСты колдонуу менен бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылуучу бажы процесстерине мониторинг жүргүзүүнүн жол-жобосу көрсөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM