Биз менен байланышыңыз

Аткезчиликти иликтеген комиссия түзүү сунушталды

Күн чекит | 9 Апр 2019 | 806 | 0

Орусия Кыргызстандан кирген товарларга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Себеби өлкөгө бажы аркылуу товар өткөрүүдө коррупциялык схема бар экени айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселе боюнча Кыргызстан өз позициясын билдирип, бажыдагы башаламандыкты текшерүүнү сунушташты. Ушундай демилге көтөргөн эл өкүлдөрүнүн бири Дастан Бекешев менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

Марал: Бажы кызматындагы мыйзамсыз импорт боюнча кандай маалыматыңыз бар, айтылып жаткандар канчалык негиздүү?

Дастан Бекешев: Ачыгын айтканда, бул боюнча азыр эч кимде так маалымат жок. Бирок Орусиянын, Казакстандын, биздин укук коргоо органдарында оперативдүү маалыматтар болушу мүмкүн. Биз депутаттар аткезчилик менен товар ташуу, же өлкөдөн чыгаруу фактылары менен күрөшүү боюнча бир топ эле чечим чыгарганбыз. Бул чечимдерди чогултуп, көзөмөл жүргүзүү керек эле, азырынча бул иштер жакшы жүрбөй жатат.

Ошондой эле Бажы кызматы контрабанда менен күрөшүү максатында укук коргоо органдарынан, Эсептөө палатасынан, коомдук активисттердин өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык комиссия түзүп, аткезчилик менен күрөштү күчөтүшү керек.

Марал: Товарлар аткезчилик менен көбүнчө кайсы өлкөдөн келет?

Дастан Бекешев: Товарлар аткезчилик менен көбүнчө Кытайдан келет. Мисалы, чай ташый турган болсо ал аркылуу башка товар да алып келинет. Жүзүм ташыса ага кошумча башка товар келет. Ошондо Кытайдан чыккан товардын көлөмү менен өлкөгө келген товардын көлөмүндө чоң айырмачылык чыгууда.

Марал: Аткезчиликке көзөмөлдү күчөтүү, комиссия түзүү маселесине көзөмөл кыласызбы?

Дастан Бекешев: Биз кийинки жумада Жогорку Кеңештин комитет жыйынында ушул маселе боюнча сүйлөшөбүз. Эгер жыйынтыктар жаман болсо анда комиссия түзүлөт. Мындай сунушта башка кесиптештерим да колдоду.

Марал: Бажыдагы мындай маселелерди кантип жөнгө салса болот?

Дастан Бекешев: Негизи комиссия түзүп, иликтесек да көп маселе дароо чечилбейт. Буга тоскоол болгон жактар да бар. Эң негизгиси электрондук системага өтүшүбүз керек. Мисалы, товарлар электрондук система аркылуу идентификациядан өтүп, ал маалыматтар Салык органдарына жана башка органдарга кетиши керек. Азыр мындай система жок. Кээ бир товарлар көрсөтүлөт, кээ бири жашырылып, бажычыларга пара берип өткөрүп жатышат.

Электрондук системага өтсөк, кайсы товар кандай жол менен келгени, ага бажы төлөмдөрү төлөнгөнү, же мыйзамсыз келгени анык болмок.

Copyright © 2017 Maral FM