Биз менен байланышыңыз

Президент бажыдагы реформалар боюнча айтты

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 621 | 0

Бажы тармагында да санариптештирүү иштери жанданды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында билдирди. Анда 12 бажы өткөрмө пункту модернизацияланганын, 9 пунктка жана 4 бажылык тариздөө жайына онлайн көзөмөл киргизилгенин белгиледи.

-Орнотулган видеокамералардын жалпы саны 506 даана. Анын ичинен 14 даанасы “Түндүк” системасына интеграцияланды. 6 өткөрмө пунктка сканерлер коюлуп, ишке кирди. Мурда текшерүү 2 сааттан баштап бир нече күнгө созулуп келген болсо, азыр 5-10 мүнөттү гана алат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйын берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM