2018-жылдын апрель айында, тагыраагы, Кубанычбек Кулматов Бажы кызматын жетектеп турганда 88 кызматкерди ротациялаганга киришкен. Бирок бул план ишке аша электе Кулматов камалып, жогорудагы инспекторлордун иши арсар абалда калган. Алардын катарындагы Аман Осмоновдун айтымында, кызмат ордун чечип берүүсүн өтүнүп, төрагага, Өкмөттүн Аппаратына жана депутаттарга да кайрылган. Бир канча жерге кат жазганы менен алгылыктуу жооп болбогонун айтып чыгышты.
— Бир жарым жыл бою эч ким көңүл бурган жок. Бизде да үй-бүлөбүз бар. Жумушчу санын кыскартууда да атайын критерийлер каралат. Кетиргенде, алганда кимдерди тандоо керектиги көрсөтүлгөн. Биздин ордубузга чоңдордун, сүйлөшкөндүн балдары келди. Маселенин баарын «төрт тамга», Раим миллион, Лола Бегалиевна чечип жатат. Биз кирсек эле «төрт тамгага» чыккыла деп калышат. Бажы кызматы жеке мекеме болуп калган.
«Апрель» каналынын видеосу
Бажы кызматы айтылган маалыматтарды чындыкка дал келбейт деп билдирди. Анткени, Аман Осмонов учурда да аталган кызматтын кызматкери болуп эсептелет жана аны кетирүү боюнча чечим чыккан эмес, кадр карамагында турат. 2018-жылдын 22-мартында чыккан токтомго ылайык, Бажы кызматынын 88 штаттык бирдиги кыскартылган. Учурда аларды жумуш менен камсыз кылуу аракетин көрүп жатканын Бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мусурканов айтты.
— Кубанычбек Кулматов ошол учурдагы токтому менен 88 кызматкерди кадр карамагына кетирген. Бүгүнкү күндө кызматта бош орун жок. Аларды жумуш менен камсыз кылуу иши каралууда. Кайрылууда «төрт тамга» деген сөздөр айтылган. Ал чындыкка дал келбейт. Бажы кызматы өз деңгээлинде иш алып барууда.
Буга кошумча, кызматтан кеткен адамдын ордуна ошол жумушту билген жана бир тармактагы адис алынарын айтты. Ал эми жогоруда даттанып жаткан Аман Осмоновдун билими боюнча дарыгер экенин да кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев 88 бажы кызматкеринин ара жолдо калышына ошол кездеги төрага Кубанычбек Кулматовдун мыйзамсыз чечими себеп деп эсептейт. Депутат катардагы кызматкерлер саясий кызыкчылыктан улам кызматтан алынганын ошол учурда да айтканын эске салды. Андан тышкары, Бажы кызматында кандай иштер жасалышы керектигин айтып, бул тармакка Раим Матраимовдун таасири жок экенин белгиледи.
— Сапар Исаков өкмөттү башкарып турган учурда Кубанычбек Кулматов Бажы кызматкерлерин себепсиз эле жумуштан кетирген. Ал жерде саясий кызыкчылык болгон. Мен бул маселени ошол кезде да көтөрүп чыккам. Ошол көйгөй азыркыга чейин чечилбей жатыптыр. Бажы тармагында электрондоштуруу иштери жүрүшү керек. Муну президент Сооронбай Жээнбеков өзү да айтып келүүдө. Ал эми Бажы кызматындагы маселеге Райымбек Матраимов аралашып жатат дегенге ишенбейм. Азыр кызматы жок жүргөн адам мындай кадамга бара албайт.
Учурунда 88 кызматкерди резервге коюу менен өзүнүн жакындарын кызматка алып келүү аракети болгон. Аларга эч кандай кенемте да төлөнбөгөндүгү, жумуш орду боюнча так айтпаганы туура эмес. Мындай оюн экономист Эркин Абдыразаков айтып, бул маселени мамлекеттик деңгээлде кароо керектигин белгиледи.
— Бажы кызматынын жумушу режимдик иш болуп саналат. Алардын иши мамлекеттин коопсуздугуна да таасир этет. Азыр кызматка келбей жаткандардын арасында чет жерден окуп келгендери да бар. Аны да эске алып, жакшы анализдөө керек. Бажы кызматында башка кесиптин ээлери да бар. Аттестациядан өткөндө эмне үчүн алар кетпейт? Бул — мамлекет үчүн тескери жыйынтык.
Кошумчалай кетсек, 2017-жылдын декабрында Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын башчысы болуп дайындалган. 2018-жылдын майында кызматтан алынган. Ага коррупция беренеси боюнча айып тагылып, учурда соттук иштери уланууда.