Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы аткезчилик жолу менен келген унааларды аныктады

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 655 | 0

Мамлекеттик бажы кызматы “Renault Magnum” үлгүсүндөгү унааларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Ал унаалардын тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 млн 249 миң 884  сомду түзгөн. Бул иш боюнча тиешелүү материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Ошондой эле «Colgate Макс фреш» тиш жуучу пастасы болгон жүк да аткезчилик жолу менен келгендиги аныкталган. Аталган жүк Ош шаарынын Жапалак айылындагы М.Г.С. аттуу жарандын айдап бараткан унаасынан  чыккан.

Тиш пасталардын саны 6960 болуп, болжолдуу баасы 800 400 сомду түзгөн. Бул боюнча чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына жиберилген.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик бажы кызматы ЕАЭБнын бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүнү табууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын такай өткөрүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM