Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Мен кызматтын кулу эмесмин

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2018 | 748 | 0

Саясатчы Адахан Мадумаров эч качан бийликке кызмат сурап кайрылган эмес. Бул тууралуу ал«Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын оюнда, тескерисинче, кызмат адамдын кулу болушу керек. Адамды күчтүү кылып, кадыр-баркка жеткирген кызмат эмес.

«Кызматты сунуш кылгыдай бирөөнүн менчиги эмес, ал мамлекеттики. Бийликте тургандардын саясий көрөңгөсү, тажрыйбасы терең болсо кызмат сунуштайт. «Ошол жетекчилер менен максатыңды ишке ашыра аласыңбы?» деген маселе болушу керек. Бакиев менен пикирибиз келишпей калганда да кызматтан баш тарткам. Мен кызматтын кулу болгум келбейт. Кийин Бакиев кайра кызмат сунуштаган, бирок бир жолу ишенимден кеткен соң кайра баруунун кажети жок», — дейт Мадумаров.

Ал белгилегендей, учурда Мадумаровго сын айтып жаткандар убагында Бакиевдердин берешендигин көргөн.

«Өмүрүмдө бир кишиге кызмат кылган эмесмин жана кылбайм дагы. Алдым-жуттумдардын заманы болуп жатканда таза адамдарды каралашат. Мен Бакиевдин учурунда батир алгандардан айырмаланып бир калем да алган эмесмин. Күн сайын пикирин билдирген кишини эл издейт. Оозуна талкан салгандарды эч ким издебейт. Анткени алардын эч кимге кереги жок», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM