Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө мыйзамсыз дары-дармек ташылганы аныкталды

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 849 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 6-октябрда “Манас” аэропортунан аткезчилик жолу менен келген ири партиядагы дары-дармектерди аныктады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Эки мүшөк болгон “Прегабалин” дарысы Түркия мамлекетинен келип жаткан, алар 170 миң даана болуп, жалпы салмагы 115 кгды түзгөн. Бул дарылар трикотаждык материал катары көрсөтүлүп, документтер оңдолгон.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, азыркы учурда буга катыштыгы бар жарандарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Дары-дармектер жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин жетекчисине таандык болгон. Алдын ала эсеп боюнча жүктүн баасы 25 млн сомдун тегерегинде экендиги айтылууда.

Кошумчалай кетсек, “Прегабалин” (сатыктагы аты «Лирика», «Габана», «Альгерика», «Неогабин», «Линбаг») – эпилептикага каршы каражат. Нейропатиялык ооруларда жана тынчсызданууну басуу үчүн колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM