Биз менен байланышыңыз

Парламент Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 835 | 0

Бүгүн, 17-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен Чыӊгыз Айдарбековдун талапкерлиги тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындоого жактырылды.

Абылгазиев эмне себептен Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин тандаганынын себебин түшүндүрүп, ал жөнүндө Япония парламентинде жакшы пикирлер айтылганын белгиледи. Ошондой эле жаштыгына карабай дипломаттар арасында аброю бар экенин айтты.

Эске салсак, буга чейинки Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өз арызынын негизинде иштен бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM