Биз менен байланышыңыз

Америкага Гондурастан мигранттардын агымы бара жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 784 | 0

Американы көздөй Гватемала өлкөсүнөн миңдеген эмгек мигранттарынын агымы бара жатат. Бул тууралуу CNN жазды.

Гондурастын Сан Педро Сула шаарында топтолуп, жөө-жалаңдар жолго чыккан миңдеген адамдардын агымы тууралуу АКШнын президентине дароо кабарланган. Президент Дональд Трамп Гондурастын бийлигине Твиттер баракчасынан кайрылуу жасап, эгер мигранттар агымын артка кайтарбай турган болсо мындан ары аларга материалдык жардам такыр берилбей турганын эскертти.

Каршы тараптан азырынча жооп боло элек. Мигранттар болсо, артка кайтуу ниетинин жоктугун белгилешүүдө. Себеби өлкөдө жумушсуздук күч алып, жашоо тиричилик оордоп кеткен. Учурда көчмөн сели Гватемаланы кесип өтүп, Американын чек арасына жакындоодо.

Эске сала кетсек, Гондурас Латын Америкасындагы эң кедей мамлекеттердин бири. Экономикасы АКШдан көз каранды болуп, ага банан жана кофе экспорттошот. ИДПнын киши башына көлөмү 4200 доллар. Бул дүйнөлүк рейтингде 141-орунду көрсөтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM