Биз менен байланышыңыз

Кочкор: 33 мектептин 30у интернет менен камсыздалган

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 641 | 0

Евробиримдиктин өкүлү Шарлотта Адреан жана Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу атындагы мектептин жетекчилиги менен жолукту.

Шарлотта Адреан кыргыз өкмөтү Евробиримдик тараптан көрсөтүлүп жаткан колдоону жакшы өздөштүрүп, өнүктүрө турганына ишенерин билдирди. Ал билим берүү Кыргызстандын эң негизги капиталы экендигин, министрлик аркылуу билии берүү тармагына жардам берүүнү улантарын айтты. Анын айтымында, кийинки жумада 3 жылдык программа да иш жүзүнө ашат.

Министр Кудайбердиева Евробиримдик тарабынан берилип жаткан колдоо жакшы жыйынтык берип жатканын айтты. Ошондой эле мамлекеттин бюджетинен да жакшы каражат бөлүнүп жатканын белгиледи.

Министрдин берген маалыматы боюнча акыркы 5 жылда 282 жаны мектеп курулду.  2017-жылы 775 мектеп интернетке кошулган. Быйылкы окуу жылында 693 мектеп эми камсыз болот. Кочкор районунда жалпы 33 мектеп болсо, анын 30уна интернет жеткиликтүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM