Биз менен байланышыңыз

Айтиев: Мени текшеришсе, жооп берүүгө даярмын

Пикирлер | 17 Окт 2018 | 978 | 0

«Мен Кудайдан корккон кишимин. Кайсы жагынан текшеришсе да жооп берүүгө даярмын.» Мындай оюн АРИС агенттигинин директору Бекболот Айтиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«АРИСтин атынан жасалма кат ким тарабынан кеткени тактала элек. Аны учурда Финансы полициясы карап жатат. Анын жыйынтыгы чыкканга чейин бирөөнү күнөөлөөгө болбойт. Ал эми эл өкүлдөрү жана укук коргоочулардын айткандары боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына расмий маалымат даярдалууда», — дейт Айтиев.

Анын айтымында, өкмөттүк эмес уюмдардын байкоочу кеңешине мүчөлөр 3 жылдык мөөнөт менен шайланат.

Айтиев укук коргооочу Анара Дауталиева мөөнөтү бүтсө да өзүн АРИСке байкоочу кеңешине мүчө катары эсептеп жүргөнүн айтып сынга алды.

«Анара айым дагы эле отурат. Анын байкоочу кеңешине мүчөлүгү ушул жылдын март айында бүткөн. Ага караганда Дүйнөлүк банктын тартиптерин жакшы билем. Айылдарды таза суу менен камсыз кылууда Дауталиева менен чогуу иштейли анда», —дейт Айтиев.

Дауталиева Айтиев кызматтан кетип жеке бизнеси менен иштеши керектигин айтты.  Ал эми Айтиев бизнеси жок экенин билдирди.

Айта кетсек, буга чейин укук коргоочулар жана эл өкүдөрү Айтиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп жатканын, мындан улам эл аралык донорлор таза суу үчүн каражат бөлүүнү токтоторун айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM