Кыргызстан эгемендик алган жылдан бери 10 млрд доллардын тегерегинде карыз алган. Анын 3 млрд доллары грант акча болсо, калган 7 млрд доллары карыз.
Кыргызстан алган карыздын жалпы көлөмү 10 млрд долларга чамалады. Бүгүнкү күнгө чейин анын 3 млрд доллары төлөнүп, дагы 7 млрд доллар мамлекеттин мойнунда турат. Эми тыштан алынган карыздар ийне-жибине чейин изилденип чыгат. Ал үчүн атайын жумушчу топ парламенттин бюджет жана финансы комитетинин деңгээлинде түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде айтты. Анда бардык эсептерге көзөмөл жүргүзүүнүн системасы иштелип чыгат.
—Кыргыз өкмөтү бир да карызды төлөөнүн убактысын кечиктирген жок. Тышкы карызды тейлөө боюнча дүйнө жүзүндө аброюбуз жакшы. Эми карыздарды кандай алсак болот же мурунку кемчиликтерди кантип кетирбеш керек деп учурда жумушчу топ түзүлдү. Гранттар үчүн дагы атайын системаны жазып чыгалы деген оюбуз бар. Мындан ары бүт баары ачык-айкындуулук менен элге жетиши керек.
Эгемендүүлүккө ээ болгон 27 жылда Кыргызстан Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкынан, Кытайдын Эксимбанкынан жана Германия, Жапония, Түркия, Орусия сыяктуу мамлекеттерден насыя алган. Алардын ичинен эң чоң үлүш же тагыраак айтканда, 44 пайызы Кытайга туура келет. Кытай берген насыянын учурдагы өлчөмү 1,7 миллиард долларды түзөт жана шарты жагынан да катаал болуп турат.
Эми алынган каражаттардын сарпталышана көңүл бура турган болсок, аларды экиге бөлүп кароого туура келет. Анткени гранттар менен насыялардын көрсөткүчтөрү жана шарттары эки башка. Бул жагынан алганда келген каражаттар боюнча бардык отчёттор бар экенин Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков белгиледи.
— Алынган насыянын дээрлик 25 пайызы транспорт тармагына, энергетикага 22 пайыздын тегереги жумшалган. Ал эми гранттардын көпчүлүгү транспорт, энергетика тармактарынан тышкары айыл-чарба жана аймактарды таза суу менен камсыз кылуу программалары аркылуу келген. Алардын кайсы тармактарга канча бөлүнгөнү боюнча бизде толук маалыматтар бар. Көрсөтүп бере алабыз.
Анткен менен Эсептөө палатасы долбоорлорду каржылоого алынган насыялардын көпчүлүгү максатсыз чыгымдалып жатканын аныктап чыкты. Долбоорлорго бөлүнгөн каражатты жетпей калды деген жүйө менен бюджеттен кошумча акча бөлүнгөн жагдайлар дагы бар. Маселен, 2017-жылга эл аралык донорлорго айыптык пайыздар үчүн бюджеттен 4 млн 622 миң доллар төлөнүп берилгенин Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов маалымдады.
—Насыяга келген каражаттар өз убактысында өздөштүрүлбөгөнү үчүн кошумча комиссия түзүлгөн жагдайлардын бар экендигин аныктадык. 2017-жылы эле келген насыянын өз убактысында өздөштүрүлбөгөнү үчүн мамлекеттик бюджеттен 4 млн 622 миң доллар алынган. Ошондой эле Германия өнүктүрүү банкына дагы айыптык 355 миң евро төлөнүп берилген. Андан сырткары «Таза суу» программасына Европанын өнүгүү банкынан дагы бир топ каражаттар бөлүнгөн. Мындан Кара-Балтага 2 млн евро бөлүнгөн. Бирок шаардык мэриянын өз убагында айрым пункттарды аткарбаганы үчүн 4 млн сомду мамлекетибиз төлөп берди.
Тыштан алынган насыялар боюнча аныкталган фактыларды учурда Эсептөө палатасы өкмөткө жана Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Материалдарда министрдин орун басарынын жоопкерчилигин кароо белгиленген. Анткени тышкы карыздын суммасы азайтылып көрсөтүлүп келген жайдайлар дагы чыккан.
Чындыгында өлкө турмушун көтөрүүгө багытталган гранттык негиздеги каражаттар сол чөнтөккө солонуп гана жатат. Мунун эсебин табуу өтө оор болорун экономист Айылчы Сарыбаев айтууда. Ал эми насыялар сомдун курсун кармоо жана бюджеттин таңкыстыгын жоюу үчүн гана кетип жатат. Ошондуктан жумушчу топтун түзүлгөнү жакшы жышаан.
—Бүгүнкү күнү сырттан келген гранттарды ким алып, кайсы тармакка коротуп жатканы белгисиз. Каражаттар максатталган долбоорлорго жетпей, «грант рэкеттери» орто жолдон тосуп алып калып жатат. Бул жерде атайын өзүнчө топ бар. Ошондуктан көзөмөл абдан керек болуп турат. Муну токтотуу керек. Акылбек Жапаров туура эле маселени көтөрүп жатат.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик бюджеттен жыл сайын тышкы карызды төлөөгө 190 миллион доллардын тегерегинде каражат бөлүнүп турат. Эми негизги насыяларды төлөө мөөнөтү жакындаганына байланыштуу бюджеттен жыл сайын 400 миллион доллардан бөлүүгө туура келет.