Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тасмасы эл аралык кинофестивалда сыйлыкка ээ болду

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 766 | 0

“Киноман” аталышындагы кыргыз тасмасы 10-14-октябрда Орусиядагы Ростов-на-Дону шаарында өткөн кинофестивалда сыйлык алды. Бул тууралуу форумдун сайтына жарыяланды.

Аскар Нуракун уулунун эмгеги кыска метраждуу тасмалардын сынагында “Киного болгон поэтикалык сүйүүнү жандандыруу” аталыштагы дипломго ээ болду. Аталган кино режиссёрдун студент кездеги дебюттук эмгеги болуп саналат.

Тасмада кичинекей көрөрмандын кино көрүүгө канчалык аракет кылганына карабай, ийгиликсиз болгону баяндалат. Ал өзүнө тааныш болгон фильмдердин үнүн гана угуу менен чектелет, анткени кинозалга киргизилбейт. Соңунда тасмага болгон сүйүүсү жана жагдайлардын дал келүүсүнөн улам бул кыялы орундалат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM