Биз менен байланышыңыз

Брексит: Ирландия менен Түндүк Ирландиянын чек арасы талашка айланды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 768 | 0

Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу дагы деле талкууланып бүтө элек. Кезектеги сүйлөшүүлөр Лондондон келген өкүлдөр менен Брюсселдеги уюмдун башкы өкүлү Мишель Барньенин командасынын ортосунда болуп өттү. Бул тууралуу Евроньюс билдирди.

Англия, Уэльс, Шотландия жана Түндүк Ирландияны бириктирген Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусунун негизги жагдайлары сүйлөшүлүп бүткөнү айтылганы менен, дале болсо талылууу маселелер чечилбей  калууда. Кезектеги сүйлөшүүнүн башкы темасы, биримдикте калчу Ирландия менен чыгып жаткан Түндүк Ирландиянын ортосундагы чек аранын такталуусу болду. Бирок сүйлөшүү акыркы жыйынтыгы чыкпай, тараптар бир пикирге келишкен жок.

Биримдиктин билдиришинче, кийинки сүйлөшүүлөр бул жума өтүүчү Евробиримдиктин саммитинен кийинкиге калды. 2019-жылдын март айына белгиленген Брексит (Британиянын чыгуусу) ишке ашуусуна чейин бул курч маселе такталуусу шарт.

Эске сала кетсек, Британия Евробиримдиктен чыгуу ниетин 2016-жылдан бери билдирип келет. Бул боюнча өлкөдө жалпы элдик добушка коюлган чыгууну калктын 52% колдоп берген. Бирок Евробиримдик Лондондун бул кадамы аймактагы базар биримдигине доо кетирип, бөлүнүп жаткан эки тарапка тең чоң жоготууларга себеп болорун айтып, каршылыгын билдирип келүүдө. Евробиримдик колдосо да, каршы болсо да Британия биримдиктен чыгарын премьер министр Тереза Мэй билдирип келет.

Copyright © 2017 Maral FM