Биз менен байланышыңыз

Навальный боштондукка чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2018 | 999 | 0

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный 14-октябрь күнү эрте менен камактан чыкты. Бул тууралуу Би-Би-Си орус кызматы кабрлады.

50 күндүк административдик камак жазасынан кийин оппозициялык саясатчы журналисттерге үн катты.

«Түрмөдө отурган 50 күндүн ичинде орус бийлигинин канчалык талкаланып, бузулганына дагы бир жолу күбө болдум. Чет элдик тыңчылыктан баштап космикалык чабалдыктарга чейин көз алдыбыздан өттү»-,деди ал.

Ошондой эле саясатчы Путин режими мындай камоолор менен коркутууну ойлоп жаткан болсо, чоң жаңылыштык кетирерин кошумчалады.

Эске сала кетсек, Алексей Навальный август жана сентябрь айларында удаа эки жолу камак жазасын алган. Мунун себеби анын мыйзамсыз митингдерди уюштуруп, элди козутканы болгону айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM