Биз менен байланышыңыз

Бекешов ооруканадагы тамактын начардыгын айтып чыкты

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 888 | 0

Депутат Дастан Бекешев Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигинен ооруканадагы тамакты жеп көрүшүн суранды. Бул тууралуу ал КСДП фракциясынын жыйынында айтып чыкты.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бир бейтаптын тамактануусу үчүн мамлекеттен 117 сом каралып, жалпысынан 960 миң адам камсыздалат. Тагыраагы, 400 млн. сомдун тегерегинде акча бөлүнөрүн белгиледи.

“Тамактын сапаты көзөмөлдөнбөйт, өзүңүздөр барып таанышып, бир жолу жеп көрүңүздөр”, — деп министрликтин жетекчилигине кайрылып сүйлөдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги депутаттын сөзүн жоопсуз калтырды.

Copyright © 2017 Maral FM