Биз менен байланышыңыз

Орусиянын үч губернатору бир күндө кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 977 | 0

Орусиянын үч губернатор бир күндө оставкага кетүү боюнча арызын беришти. Башкортостандын башчысы Рустам Хамитов, Забайкалье аймагынын башчысы Наталья Жданова жана Курск облусунун губернатору Александр Михайловдун арызын Кремль кабыл алып, ордуларына убактылуу жетекчилерди дайындады.

Өткөн айдагы республикалык аймактардын башчыларын шайлоодо орус бийлиги дайындаган губернаторлору кайра шайлана алышпай, Кремлдин “өз” кадрлары ийгиликке жете алган эмес. Аталган үч отставканы кошкондо жалпысынан 9 губернатор кызматтан алынды. Мурдагылардан айырмаланып акыркы үчөөсү бийликтин да, шайлоочулардын да кысымысыз оз ыктыярлары менен кызматын тапшырышты.

Бирок бул кадамдар болорун эксперттер тарабынан алдын ала божомолдонуп жаткан болчу. Себеби Кремль аймактарда таасирин күчөтүп, туруктуулукту сактоо үчүн көп ишене бербеген кадрларын алмаштырмак.

Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп Россия Федерациясынын Транспорт министринин орун басары Роман Старовойт дайындалды. Ал мурунку кызматына киришкенине үч гана жума болгон эле. Башкортостандын президентинин милдетин азырынча мурдагы президенттик аппараттын жетекчиси Радий Хабиров аткарары белгилүү болду. Ал эми Забайкалье аймагынын жетекчисинин орду азырынча бош.

Эске сала кетсек, 18-сентябрда өткөн жергиликтүү бийликти шайлоодо Путин колдогон 4 кадр өз аймактарында жеңилүүгө учурап, кээ бир аймактарда экинчи турга калышкан. Мындай ийгиликсиз жетекчилерин Кремль алмаштырууга аргасыз болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM